Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 23-29-сентябрь аралыгында Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу эл аралык теннис федерациясы маалымдайт. Маалыматка ылайык, мелдештин баш байгеси 25 миң Америка доллары. Бүгүн, 24-сентябрь күнү Ксения Палкинанын атаандаштары белгилүү болду. Алар төмөндө:
1/16 финал
Жалгыздан ойноо
Ксения Палкина (Кыргызстан) – Алина Абдурахимова (Өзбекстан)
Жупта ойноо
1/8 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан), Нигина Абдураимова (Өзбекстан) – Башак Ерайдин жана Мелис Сезер (экөө тең Түркия)