Кечээ, 12-октябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Ал эми бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына келип түштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Белгилөөчү жагдай, мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелет.