УКМК: “Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калат"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы мурунку бойдон өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Атамбаев УКМКнын тергөө абагына Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча соттун өкүмүнүн негизинде киргизилген.

Ошол эле учурда сот органдары тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштери каралып жатат.

"5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуяда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясына карата күч колдонулуп, ал кысым астында баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгонго аргасыз болгон. Бул факты боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, жогорудагы чечимди жокко чыгаруу маселеси каралып жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан