Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Анда алар өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өлкө өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирген.
Анда Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгилеген.
«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», - деген Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайтарат.