2 айга камакка алынган Темирлан Султанбековдун СИЗО-1ден чыгып калышы мүмкүн экендиги айтылууда

Жаш саясатчы, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков СИЗОдон бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов ишенимдүү булактарына таянуу менен социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мага ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоочулар 9-октябрда массалык баш аламандыкка катыштыгы бар деген негизде кармалып жаткан жаштар тууралуу билип, нааразы болгон. Бүгүн эртең менен куугунтуктоону токтотуп, кармалгандарды бошотууга буйрук берди. Анын ичинде Темирлан Султанбеков дагы бар", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков 9-октябрда Бишкекте болуп өткөн митингден кийин кармалган. 12-октябрда Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Султанбеков СИЗО-1де кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан