Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, Канат Исаев төрага болуп шайланды.
Анда депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөттүн курамын өзгөртүүнүн кажети жок экенин айтты. "Бүгүн өкмөттүн легитимдүүлүгү жөнүндө маселе болуп жатат. Премьер-министрди, өкмөттүн курамын өзгөртүүнүн кереги жок. Биз легитимдештире турган болсок, жардам беришибиз зарыл. Ошондуктан бул маселеге сиз сөзсүз кайрылып, өкмөт башчы менен отурушуңуз керек. Ушул курамды азырынча толук кандуу колдоп беришибиз шарт. Бул абалдан чыкканга жардам беришиңиз керек", - деп Зулпукаров Исаевге кайрылды.
Канат Исаев эске алынарын айтты.