Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, Канат Исаев спикер болуп шайланды.
Депутат Алтынбек Сулайманов форма 2 менен добуш берүүгө тыюу салып, шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү керектигин айтты. Ошону менен катар эле партиялардын шайлоо фондун 1 миллион сомго түшүрүүнү сунуштады. Сулайманов шайлоо мыйзамдарына тез арада өзгөртүү киргизүү керектигин айтты.