Кыргызстандык спортчулар катышып жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 10-тур жыйынтыкталды

Түркиянын Коджаэли шаарында өтүп жактан шахмат боюнча 20 жашка чейинки жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 10-тур жыйынтыкталды. 10-турда эркектер арасында кыргызстандык Жохар Жанбай уулу индиялык Самир Катмалени жеңип, жалпы упайын 5ке жеткирди. Бул жыйынтыгы менен Жохар Жанбай уулу 118 катышуучунун арасынан 58-орунга көтөрүлдү. Ал эми кыздар арасында Айжан Алымбай кызы да жеңишке жетип, 4,5 упай менен 77 катышуучудан 53-орунду ээлесе, Айжаркын Шынгыс кызы 10-турда мексикалык спортчу менен тең чыгып, 3 упайы менен 71-орунда. Эске салсак, ар бир спортчу Дүйнө чемпиондугунун алкагында 13 беттеш өткөрөт. Дагы 3-турдан кийин мелдеш жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан