Чүйдүн Токмок шаарында оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы шектүү К.Т. 6-октябрь күнү кармалган. Ал мурда соттолгон. Ушул жылдын март айында Токмок шаарында "денеге оор залал келтирүү" беренеси катталган. Анда мас абалдагы К.Т. жана М.А. 32 жаштагы жарандын денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучу каза болгон.
Ошол эле күнү милиция шектүү М.А.ны кармаган. Ал эми экинчи шектүү издөөгө алынган. Ошону менен издөөгө алынган жаран 6-октябрда кармалып, териштирүү иштери башталды.