Бишкекте белгисиз адамдар чет элдик жаранды сабап кетишти. Окуя кечээ, 13-октябрда саат 22:00 чамасында 10-кичи райондо орун алганын күбөлөр билдиришти.
Окуянын күбөлөрү видео менен бөлүшүп, "Хосе аттуу кубалык жаран белгисиз кишилер тарабынан сабалды" дешкен. Учурда бул окуя боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жасап, шектүүлөрдү издеп жатканын билдиришти.