Премьер-министр Садыр Жапаров 3 күндөн бери Темирлан Султанбековду камактан чыгаруу аракетин көрүүдө

Экс-элчи Кылычбек Султандын маалыматына караганда, Темирлан Султанбеков камалган күндөн бери премьер-министр Садыр Жапаров анын камактан бошотулушун прокуратурадан жана соттордон суранып жатты.

Белгилүү болгондой, бул сүйлөшүүлөргө саясатчы Равшан Жээнбеков, экс-элчи Кылычбек Султан өзү жана "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Шайиста Шатманова күбө болушкан. Садыр Жапаров ошол учурда белгилегендей, прокуратурага дагы, сотко дагы премьер-министр катары буйрук бере албайт, анткени алар Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө.

Бирок Садыр Жапаров прокуратуранын жана соттун бул аракеттерин саясий куугунтук катары баалай турганын баса белгилеп, жогоруда айтылган органдарга кайрылган. Өздүк булактардын айтымында, бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров жогорудагы органдарга кайрылып, элдик толкундоолордун лидери катары Темирлан Султанбековду токтоосуз түрдө бошотууну талап кылды. Ошондой эле бул ишенимдүү булактар Темирлан Султанбековду камаган прокуратура жана сот аны бүгүн бошотушарын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан