Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
13-октябрда саат 20:49да Москва көчөсүндө жайгашкан №162 көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн. Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин жер төлөдөн алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен (аты-жөнү такталууда) дешти мекемеден.