Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда жаңы өкмөттүн курамы бекитилиши күтүлүүдө.
Жыйында Мыктыбек Абдылдаев сөз сүйлөп, ал президенттин токтомду артка кайтарганына түшүнбөй жатканын билдирди.
"Мени төрага болушуңуз менен куттуктайм дешти эле. Анда эмне үчүн президенттин аппараты легитимсиз деп, калганы мени куттукташат. Бул чоң маселе. Ошондуктан эки ача жолдон чыгып, бир жол менен кетишибиз керек. Мен Жээнбеков менен сүйлөшкөндө ал колдон келишинче кризистен чыгууга жардам беришиңиз керек деген", - деди Абдылдаев.
12-октябрда вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго кол койгон.
Айрым депутаттар бул жыйындар регламентти бузуу болгонун айтып, аны легитимсиз деп эсептешүүдө. Натыйжада президент Жогорку Кеңештин токтомдорун мыйзам ченемдерин бузуу деп баалап, парламентке кайтарып берген.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда эртең менен кыргыз элине кайрылып: “Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды. Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат. Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан бул токтомдор парламентке кайтарылды”, - деп билдирген.
Ал эми Жапаровдун тарапташтары мыйзам бузулду дегенге макул эмес жана алар президент Сооронбай Жээнбековду кызматын өткөрүп берүүсүн талап кылып жатышат.