13-октябрь күнү улуттар аралык кастыкты козутту деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран социалдык тармактагы баракчасына улуттар аралык кастыкты козуткан видео жүктөгөн.
"13-октябрда УКМКнын ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган И.у.Т. аттуу жаран кармалды. Ал Facebook тиркемеси аркылуу социалдык тармак колдонуучуларынын нааразычылыгын туудурган жана улуттар аралык кастыкты козуткан, чагымчыл видеотасма жарыялаган. Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) беренеси менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.