Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды

Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Ыйман Нуру" саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

"Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн.

Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.

АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

1999-2005-жылдары Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
2001-2002-жылдары Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
2002-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинде юрист;
2004-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
2005-2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
2005-2005-жыладры Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
2005-2007-жылдары тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
2010-2010-жылдары президенттин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
2011-2011-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
2012-2013-жылдары Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
2013-2015-жылдары президенттин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2015-2019-жылдары "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.
Үй-бүлөлүү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jazmina909090
2020-10-14 11:43:13
Молодцы уважаю
+24
oshondoiraak
2020-10-14 11:45:49
Мына башка кеп Садыр красавчик
+24
AJow
2020-10-14 11:54:54
Жакшы кабар
+18
nazarnew
2020-10-14 12:02:05
Молодцом
+12
Nurik1988
2020-10-14 12:02:24
Сонун Кабар ишинерге ийгилик каалайм
+15
admin_media
2020-10-14 12:58:55
Nurik1988,Рахмат, сизге дагы ийгилик!
+10
alym21
2020-10-14 12:18:20
Охоо мына сага жанылык,эн туура чечим!!!
+14
AdylbekB84
2020-10-14 12:38:56
Жакшы чечим ушинтип алып келгиле, көрөбүз эми туризмди кантип өнүктүрөт! 2 жылдан соң жыйынтык күтөбүз!
+7
Sakubek
2020-10-14 13:09:15
Кайра эле Сокенин жердеши го
-21
Alia82
2020-10-14 13:40:05
Sakubek,ну и что,самый главный ыймандуу , эми жакшы иштесе болду эл учун
+10
DanilAylin
2020-10-14 20:16:50
Sakubek,Кара-Кулжанын баары эле Сокедей эместир беш кол тен эмес
+4
Abdullatif
2020-10-14 14:30:12
Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековту ордунда көргүм келген, тилекке каршы алмаштырып коюшту. Келечектеги президент буюрса, менин 6-туюмум ошентип атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан