Абал турукташкандан кийин бийликти бөлүштүрүү башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 6-октябрда парламенттин отурумуна кесиптештерин чогултуу кыйынга турган.
"Абал оор болчу, биз кырдаалды турукташтыруу аракетинде болдук. Ушул учурда айрым саясатчылар чемоданын көтөрүп, аэропортко барып чыгып кетүү аракетин көрүштү. Андан кийин Мыктыбек Абдылдаев биздин талабыбыз боюнча өзүнө жоопкерчиликти алып, жолугушууну өткөрдү. Эми элдин кызыкчылыгы үчүн сүйлөгөн депутаттардын чечими күмөн саноону жаратууда. Андан кийин качкан депутаттар кайтып келип, кызмат орундарын бөлүштүрө башташты", - деди Талант Мамытов.
Депутат кесиптештерин моралдык жоопкерчиликке чакырды.