Парламенттин отурумунда депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбеков жакалашып кетишти

Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Анда "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле ал форма №2ни жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү жана босого ченди 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү керектигин айтты.

Төрага Канатбек Керезбеков кворум жок экендигин, ал үчүн 61 депутат болушу керектигин айтса, Сулайманов эл өкүлдөрүнүн келишин камсыз кылууну талап кылды.

Мындан улам алардын ортосунда пикир-келишпестик орун алды. Андан кийин чырдашкан эки депутат резиденциядагы бөлмөлөрдүн бирине кирип сүйлөшүү жүргүздү.

Алар менен кошо жүргөн Талант Мамытов "эч маселе болгон жок" деп абалды комментарийсиз калтырды.

Ал эми Алтынбек Сулайманов "буга кайдыгер карабашыбыз керек деген эле бири-бирибизге түшүндүрүү болду, биз мушташкан жокпуз", - деп абал боюнча журналисттерге комментарий берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан