Кырк жылкылуу болгон ырчы Данияр Эрматов кызына Рания деген ысым ыйгарды. Мындай ысымды ата-энеси, бир туугандары ыйгарганын айткан ырчы буларга токтолду.
"Келинчегим 10-октябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 700 грамм болду. Бүгүн, 14-октябрда жубайым менен кызымды үйгө чыгарып келдик. Эне, баланын абалы жакшы. Ата болгонума дагы деле толкунданып жатам.
Атам, апам жана бир туугандарым кызыбызга Рания деген ысым ыйгарышты. Рания - тынчтык, токтоолук, сабырдуулук, чечкиндүүлүк дегенди билдирет экен. Буга чейин кыздуу болсом да, уулдуу болсом да мусулманча ысым ыйгарсам деп ниет кылып жүргөм.
Келинчегиме ушундай кызды төрөп бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле досторума дагы ыраазымын", - дейт ал.