Бүгүн, 24-сентябрь күнү дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат борборунда Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновдун катышуусунда маалымат жыйын болду. Анда 13-20-октябрь аралыгында Бишкекте өтүүчү “Манас оюндары-2013” мелдеши тууралуу сөз болду. Алмаз Касеновдун айтымында, мамлекет тарабынан аталган мелдешке 5 миллион сом бөлүндү. Мелдеш Ормон хандын 220 жылдыгына карата өтүп, анда улуттук спорттун 10 түрү боюнча мелдештер болот.