Кечээ, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров үй камагына чыккан "Социал демократтар" партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков менен жолукту. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен Садыр Жапаровго анын калктын колдоосу чоң экендигин жана ага чоң үмүт артылып жаткандыгын, ошондуктан анын ката кетирбеши экендигин билдирдим. Баарын нөлдөн баштоого даярмын деди. Ошондуктан өлкө үчүн ушул оор учурда, эгерде ал кризистик жоопкерчиликти моюнуна алып, Жээнбековдорду кетирүүгө даяр болсо, ага ушул жагынан колдоо керек деп эсептейм", - деген Султанбеков.
12-октябрда Биринчи Май райондук соту Темирлан Султанбековго өкүм чыгарып, аны СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми кечээ, 14-октябрда үй камагына чыккандыгы кабарланган.