15-октябрга караган түнү Бишкектеги Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Азия" ашканасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен түнкү саат 02:30дар чамасында чыккан.
"Такталган маалымат боюнча, Чүй кең көчөсүнүн №162 дарегинде жайгашкан ашканада өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:44тө 1 бөлүм тартылган. Ал эми өрт саат 03:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы.