"Чындыкка дал келбейт". Башкы прокуратура Алманбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевге карата кылмыш иши козголбогонун билдирди

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Алманбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевге карата Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат тараган. Кийинчерээк, Алманбет Шыкмаматов өзүнө карата кылмыш иши козголгонун SUPER.KG'ге тастыктады. Башкы прокуратура бул боюнча билдирүү жасады.

"Өз учурунда көзөмөл орган жогорудагы маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын жана аларга карата кылмыш иши козголбогондугун, ошондой эле аталган адамдардын үстүнөн кандайдыр бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн билдирет", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан