"Бакай Банктын" мобилдик банкингинен эми "KICB", "Кыргыз-Швейцария банкы", "Азия Банкы" банктары чыгарган VISA карталарына акча которууга болот. Ошондой эле Кыргызстандын бардык банктарынан чыгарылган Элкарт карталарына дагы каражат которуу мүмкүн.
"Бакай Банктын" мобилдик банкинги өлкөдөгү жаңы жана сейрек кездешкен фукнция менен толукталды. Тагыраагы, жогоруда аталган банктардын VISA карталарына акча которуу кызматы ишке киргизилди.
Бир катар шарттар бар:
- VISA/Элкарт дебеттик эсебиңиздеги каражат доллар же сом болушу керек;
- Алуучунун VISA/Элкарт карталарынын эсебинде доллар же сом болушу керек жана алуучунун картасы "KICB", "Айыл Банк", "Кыргыз-Швейцария банкы", "Азия Банкы" банктардын бири тарабынан чыгарылган болушу керек;
- Башка банктардын карталарына акча которуулардын курсу Банктар аралык Процессинг Борборунун (ЭПК) курсу менен эсептелет. Бул операция үчүн комиссия алынат - сумманын 0,5 пайызы.
Функцияны кайдан тапса болот?
• Bakai24 тиркемесиндеги "Которуулар" андан кийин "Картага" бөлүмүнөн.
Bakai24 мобилдик тиркемеси төмөнкүлөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет:
* Картаңызды жана эсептериңизди реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө, талап кылынган
мезгилдеги көчүрмөлөрдү кароого;
* Өзүңүздүн эсептериңиз менен "Бакай Банктын" кардарларынын ортосундагы акча которууларга;
* Клиринг жана Гросс системдери аркылуу улуттук валютадагы төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
* Акча алмаштырууга;
* Кыргызстандын бардык банктарынын Элкарт карталарына акча которууга;
* Толукталган жана чыгымдалган төлөм документтерин көрүү жана басып чыгарууга;
* Насыя төлөөгө;
* Депозитти толуктоого;
* Коммуналдык кызматтар, байланыш, салык, айыптар үчүн төлөм жүргүзүүгө;
* Элсом, MegaPay, О!Деньги жана Balance мобилдик капчыктарын толуктоого.
Байланыш борборунун иштөө тартиби - 24/7.
Байланыш үчүн номерлер:
- 6111 (мобилдик байланыш үчүн);
- Facebook;
- WhatsApp +996 554 006 111.