Бишкектеги 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 19:30да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн чыккан өрт саат 20:10до толук өчүрүлдү.