Өзбекстандын премьер-министри Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен премьер-министр Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын өкмөтүнүн башчысы премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн бир катар багыттар боюнча өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан