Биз социалдык тармакта

Канат Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жарыялады

Канат Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим.

Ошондой эле парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу мен өзүмдүн президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан