Садыр Жапаров: "Өлкөдө революция болгон жок, бийлик тынч, мыйзамдуу жол менен алмашты"

Бүгүн, 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүүсү Жогорку Кеңеште каралып, ал кызматтан кетти. Анда Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, кээ бир каталыктар үчүн кечирим сурады. Андан кийин жаңы өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров сөз сүйлөп, чын дилинен өлкө жыргалчылыгы үчүн жең түрө иштей турганын билдирди.

Айтымында, өлкө бүгүн тарыхый окуяга күбө болуп жатат.

"Эгерде биз 5-6-октябрь күндөрү кырдаалды турукташтырууга аракет кылбасак, анда бул жерде отурмак эмеспиз. Бактыга жараша, талап-тоноо жана басып алуу болгон жок. Эч кандай революция болгон жок, өкмөт тынч, мыйзамдуу жол менен алмашты. Бардык милдеттерди аткарууга бүт аракеттеримди жумшайм, менин кайрылуум бир аз кечирээк болот", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан