Текебаев Жапаровго: "Тарыхта мындай прецедент болгон эмес, чоң күч сиздин колдо"

Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында мындай прецедент болгон эмес, бир адамдын колунда чоң күч бар. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 16-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Садыр Жапаровдун колунда президенттин, премьер-министрдин, ал тургай жарым-жартылай парламенттин бийлиги бар.

"Сиздин колуңузда чоң күч бар, бирок мен сизге көз артпайм, тескерисинче, өкүнөм. Эл сизге чоң үмүт артып жатат, аларды акташ керек", - деди Текебаев Жапаровго кайрылып.

Депутат кесиптештерин Жапаровдун сунуштарын колдоого жана иштөөгө чакырды.

"Тагдыр сизге ушундай сыноону жана мүмкүнчүлүктү берди. Сизге ийгилик каалайбыз жана сизди колдойбуз", - деп кошумчалады Текебаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Төрага Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Ал эми премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууга киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан