28-сентябрь күнү эски аянтта шаар күнүнө карата оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын баш байгеси үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш 28-сентябрь күнү 9:00дө башталат. Жеңүүчү Синклер системи менен аныкталат. Анда түрдүү салмак даражадагы спортчулар катышып, көтөргөн салмагы менен спортчунун салмагы эсептелип жеңүүчү аныкталат. Катышуучулардын толук тизмеси төмөндө:
1. Сыргак Абдраманов
2. Улан Жакишев
3. Искендер Саламатов
4. Курсант Төлөнөв
5. Манас Стамалиев
6. Жалил Жапаров
7. Рустам Тажиддинов
8. Захид Токтобаев
9. Алина Талантбек кызы
10. Жаңыл Океева
11. Аделя Байызова