Президенттик шайлоо мурдагы мамлекет башчы өз ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тарта 90 күндөн кем эмес мөөнөттө өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Садыр Жапаров "Ала Арча" резиденциясында сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Президенттик шайлоо дагы болушу керек. Аны ушул аптада кеңешме өткөрүп туруп, күнүн белгилейбиз. Мыйзам боюнча 2021-жылдын 10-январынан ары карай өтпөшү керек экен. Анткени 90 күндүн ичинде мөөнөтү белгилениши керек. Ар бир иш мыйзам талаасынан чыкпай жасалат", - дейт Жапаров.
Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Президенттин милдетин өкмөт башчы Садыр Жапаров аткарат.