Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда Садыр Жапаров парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга төмөндөтүү боюнча оюн айтты.
"Парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга төмөндөтүү боюнча сунуштар болуп жатат. Муну Жогорку Кеңеш өзү чечет. Бирок 3 пайыз өтө эле ылдый болуп калат го деп ойлойм. 5 пайызга түшүрсө болот. Бул менин жеке оюм. Эч кимге таңуулаган жокмун.
Ал эми 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен", - деди ал.