Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Жыйындан кийин өкмөт башчы Садыр Жапаров бир нече жолугушууларды өткөрдү. Алгач эле өкмөт башчы Кыргыз өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев менен жолугуп, алдыдагы пландар тууралуу талкуу жүргүздү.
Андан кийин "Кыргызалтын" ААКнын төрагасы Алмаз Алимбеков менен жолугушуу болду.
Кийинки жолугушуу "Дастан" заводунун башкармалыгы жана вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров менен болду.