Коррупциялык схемалар болсо, ал ким экенине карабай жазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда УКМКнын жетекчиси болуп дайындалган Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип жатып айтты.
"Бир дагы мамлекеттик орган жазасыз калбайт. Эгерде коррупциялык схемалар болсо, баары жазаланат. Ал ким экенине, кимдин тууганы экенине, ага-ини экенине же жердигине карабастан баарын жоопкерчиликке тартабыз", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал бандиттик топтор менен күрөшүү мекеменин алдыдагы эң негизги максаттарынын бири экенин белгилеп өттү.