Бүгүн, 16-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берүүдө.
Маалымат жыйын суроо-жооп иретинде өтүүдө.
"Жапаров коррупцияны иликтеген журналисттер менен иштешүү тууралуу айтты. УКМК буга кандай мамиле кылат?" деген суроо берилди.
"Буга чейин коркутуп-үркүтүп келген адамдарды жазалайбыз. Сиздерге аз гана убакыт беребиз. Мыйзам менен гана жашагылы. Мен бул жакта экенмин, мындай нерселерге жол берилбейт. Бандиттер жашынсын, бекинсин. Буга толук жоопкерчиликти алам. Эми коррупция менен күрөшөбүз", - деди ал.
Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүүгө бардык жарандарды жана журналисттерди жардам берүүгө чакырды.