Садыр Жапаров: "4-октябрда элдин үнү, жаштарыбыздын тилеги уурдалды"

"4-октябрда элдин тилеги, жаштарыбыздын үмүтү уурдалды, ал – масштабдуу саясий кризистин башталышына түрткү болду", - деп айтылат президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун кыргыз элине жасаган кайрылуусунда. Анда Жапаров 2020-жылдын 4-октябрында тарыхый шайлоо өткөрүлүшү керек болгонун белгилеген. Ошондой эле ал элдин үнү бийликке жетпей жатып, ал – масштабдуу саясий кризистин башталышына түрткү болгонун айткан.

"Эл жөн эле Жогорку Кеңешти шайлаган жок:

- эл келечекке тандоо жасады!

- эл жаңыланууну тандады!

- эл акыйкаттыкты тандады!

Бүгүн жалпы кыргыз эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет.

2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү. Айрыкча кыргыз эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү.

Трайбализмди жок кылабыз!

Кыргыз эли менен бир катарда туруп канатташ жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү катышты. Бул жеңиш – ​жалпы кыргыз элинин жеңиши болду.​​​Жалпы кыргыз элинин ынтымагынын жеңиши. Эл биримдиги сакталып калды. Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тоноочулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик.

Бул күндөрү кыргыз элинин, жаштардын интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди. Жалпы эл – ийгиликке жетти! Кыргыз өлкөсүндө бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп жатат. Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм! Менин саясатчыларга жана саясий партияларга кайрыларым: Бүгүн биз өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл же тууган-туушкан деп бөлбөй жашайлы. Биз – бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз! Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал – мекенибиздин – Кыргыз олкөсүнүн жаркын келечегин камсыз кылуу. 5-октябрда эл өз сөзүн айтты", - деген Садыр Жапаров кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан