Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынгандыгы тууралуу социалдык тармактардан билип, окуяны таң калуу менен кабыл алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Жекшенкуловдун пикирине таянуу менен жазышууда.
"Мен жумуштан кеткеним тууралуу социалдык тармактардан окуп, таң калдым. Бул мен үчүн күтүүсүз болду", - деген Жекшенкулов.
Мурунку элчи менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан кетээр алдында кызматтан алган. Жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.
Анда белгиленгендей, буйрукка Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезинде, тагыраагы 14-октябрда кол койгон.
Жекшенкулов 2019-жылдын башында бул кызматка дайындалган.