Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу боюнча жооптуу кызматкерлердин коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды

Бишкектеги Жылуулук электр борборуна көмүр ташуу боюнча жооптуу кызматкерлердин коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча чогултуунун коррупциялык схемасын түзгөн.

"Кызматкерлер көмүр казуучу компаниялар менен алдын ала макулдашып алып, лабораториялардан көмүрдүн сапатын жарактуу деген тастыктама берип турушкан. Бул кызматы үчүн аларга акчалай сыйлык да ыроолонуп келген. Бул аракет Жылуулук борбордун жабдууларынын эскиришине терс таасирин тийгизип, атмосферага булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келет.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 237-беренеси "коммерциялык пара алуу" боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары катталды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштеринин алкагында, бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо аракети көрүлүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kuban-1207
2020-10-17 17:20:53
Кыргызстан баардык жерде корупция болница да аябай корупция врачтар 20000 минсиз операция жасабайт
+19
Nursul
2020-10-17 18:46:10
Kuban-1207, оа туура айтасыз. Өлгөн атсаң да
карашпайт акча бермейинче жанындын кыйналганы
менен иштери жок. Баардык врачтар мындай деп айткандан алысмын бирок
+9
Birimdik5555
2020-10-17 20:37:40
Nursul, бирок кобу ушундай,90%
+8
sultan_bek
2020-10-17 17:28:01
Коробуз азыркы Садыр Жапаров криминал, ОПГ, коррупция менен курошо алабы же кайра эле факты жок экен деп журо береби Сокеге окшоп. Буларын деле копко турбайт го. Жакында эл арасында нааразычылык кайра башталат. Кызматтарды го озу каалагандай болуштуруп алышты, же бир жыргаган кадрлары жок, бут баары жердештери же туугандары же шернелештери сыяктуу.
-36
urmat94
2020-10-17 20:16:46
sultan_bek, е з....л келгенине эки кун болдуго кыссып отуруп турбайсынбы кандай иштегенин коруп анан сын айт
+11
sultan_bek
2020-10-17 17:45:31
Жанагы Маданият министри Гулжигит Кадырбеков деген кадрды эмне алып келди. Арабтардын идеялогиясына сугарылган, дааватчы, кыргыз салт санаасын, маданиятты, искуствону харам деп пропаганда кылган бул молдо чалыш олкого жакшылык алып келеби. Жэ тескерсинче жаштарды маданият, искуствого тартабы аны коро жатаарбыз. Эмнеси болсо да элдин светтик маданиятын которуш керек. Болбосо ашкере диний сокур фанатизм коомго жакшылык алып келбейт.
-39
Elaman0693
2020-10-17 20:13:09
sultan_bek,сен эн акылдуу Адам экенсин, тентек адамдардын арасынан!
+4
KUTUZ87
2020-10-17 18:07:16
Молодец Камчы Ташиев алга созундо турган инсан
+23
narynbek2001
2020-10-17 18:38:47
Менимче Садыр Жапаров ОПГ, кылмышкерлер менен курошо албайт. Анткени Садырды ОПГ бийлике алып келди.
-18
take_83
2020-10-17 19:46:14
Патентти дагы жок кылса жакшы болмок арандан акча тапсан патент толо деп куйдурот бизге бир тыйын пайдасы жок Текебаев чыгарган бизнес
+3
Chungyz
2020-10-17 23:06:44
Элдин баары билет кайсыл жерде жексурлар бар экенин иштегиле эми Кыргызстандыктарга бардык жакшы шарттарды тузуп онуктуруп коюп жей бергиле эч ким каршы болбойт
+3
Taalaibek.
2020-10-18 07:18:16
Буларды катуу жазалаш керек!
0
Barsa84
2020-10-18 14:24:33
Кел келиң келип турганда эл үчүн иштеп алгыла, тарыхта жакшы атыңар менен каласыңар. Мансапка азгырылып напсиңерди тыйбасаңар анда мурдагылардын тагдырын кайталайсыңар.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан