Көк бөрү боюнча экинчи Азия чемпиондугу Түркияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрь күнү маалымат жыйынында Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди. Эл аралык көк бөрү федерациясына Түркия тарап мелдешти өткөрүү ниетин билдирген. Жыйынтыгында эл аралык көк бөрү федерациясы, көк бөрүнү жайылтуу үчүн мелдешти Түркияда өткөрүү чечимин колдогон. Экинчи Азия чемпиондугу 2015-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. Эске салсак, көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу 10-15-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтүп, финалда Кыргызстан курама командасы мелдеш кожоюндарынан 4:2 эсебинде жеңилип калган.