ЖАМК: "Сапар Исаков абакка кайта элек"

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакка дагы деле кайтып келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Буга чейин Исаков убагында абакка кайтпаганы үчүн кылмыш иши козголгон.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Atash.88
2020-10-19 12:25:20
Ал Кыргызстанда жок уже
+6
XAN-TORO
2020-10-19 12:57:09
Таза болсо качмак эмес да.
+5
Asanali
2020-10-19 13:04:49
XAN-TORO, кошулам, куноосу жок болсо неге кайтып барбайт. Жазалансын , колу менен кылганды, мойну менен тартсын.
+8
Muratmipa
2020-10-19 13:15:46
Сапарды мен кечее Кулундуда кордум эле через дарыя тажике отуп кеткени барса керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан