Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сарай жана бастырма күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-октябрь күнү саат 12:50 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Жаңы Торук тилкесинде Алинов Ормон көчөсүндө короодо 60 чарчы метр сарай жана 30 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.