Түркиянын Анталия шаарында эки Кыргыз жараны жасалма акча алып жүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Анталиядагы базарлардын биринде жасалма акча колдонууга чыгып кеткендиктен, полиция кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын негизинде 4 миң 400 доллар (болжолдуу 359 миң 907 сом) жана 5 миң түрк лира жасалма акча алынган.
"Жасалма акчаларды таратууга шектелип эки Кыргыз жараны кармалды. Полиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр иштин чоо-жайын иликтөө үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.