Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2 пунктуна ылайык, учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер министр Садыр Жапаров алдыда өтө турган президенттик шайлоого катыша албайт. Мындай пикирди саясий талдоочу жана серепчи Алмаз Тажыбай SUPER.KG порталына билдирди.
Серепчи "Садыр Жапаров кайсы учурда президенттик шайлоого катыша алат?" деген сурообузга жооп берди.
"Ал кандай мыйзам? Конституциялык мыйзамдын так ушул пунктун өзгөртүү үчүн 2016-жылы жалпы улуттук конституциялык референдум өткөн. Ошол референдумда президенттерге кайра шайланууга чектөө киргизүү боюнча пункт киргизилген. Мына ошого байланыштуу учурдагы өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөнүн эң жогорку кызматына кайрадан шайлана албайт", - дейт Алмаз Тажыбай.
- Садыр Жапаров учурда техникалык өкмөт башчы катары иштеп жатат. Аны ошондой эле техникалык президент деп атасак болобу жана мыйзамда техникалык өкмөт башчы, президент үчүн өзүнчө нормалар каралганбы?
- Мыйзамда техникалык өкмөт же президент деген термин жок. Бул термин жаңы 7-чакырылыштын парламенти келгиче колдонулат. Өз кезегинде ал депутаттар жаңы өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын шайлашат.