Супер фактылар: Жер шарын миллиондогон космостук таштанды айланарын билчү белеңиз?

Космос мейкиндигин адамзат өздөштүрө баштагандан бери ал жерде жети жарым миң тоннадан ашык таштанды топтолду. Учурда Жердин орбитасында турган 20 миңге жакын жасалма объектилердин 2 миң 700гө жакыны гана активдүү спутниктер. Калгандары иштелип чыккан шаймандар же алардын сыныктары.
Космостук таштандылар - бул адам жараткан жана космоско учурган иштөөгө жараксыз объектилер жана алардын талкалануунун натыйжасында пайда болгон сыныктары.
Ошондой эле Жонсон атындагы космостук борборунун (НАСАнын бир бөлүгү) сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, орбитада 1ден 10 сантиметрге чейинки 500 миң объект жана 1 миллиметрден чоң 100 миллион бөлүкчөлөр бар. Алардын учуу ылдамдыгы секундасына 7-8 чакырымдан 10-15 чакырымга чейин жетет. Бул октон он эседен ашык.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул кийинки учурда көйгөй катары каралбай калган, анткени мындан ондогон жыл мурун ойлонулган. Буга чейин орбитадагы таштандыларды тазалоо аракеттери болуп, тилекке каршы бири да ишке ашкан эмес.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан