Кызыл-Кыяда май куючу жайдын жумушчусун курал менен коркутканга шектелген жаран кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында курал менен коркутуп, бирок кылмыш аракетин аягына чыгара албай изин жашырган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-октябрь күнү саат 05:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарында болгон. Анда май куюуучу станциясына жашы 25-30 курактагы бейтааныш адам курал менен келип, май куючу станциянын 44 жаштагы жумушчусун курал менен коркутуп, бирок кылмыш аракетин аягына чыгара албай окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, карактоого шектелген жаран Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Аны кармоо учурунда шектүү милиция кызматкерлерине баш ийбестен бычак менен каршылык көрсөткөн. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жаран мурда соттолгондугу аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан