Маалымат үчүн:
Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айылында туулган.
1998-жылы Мадан Алымбеков атындагы мектеп-гимназиясын аяктаган.
1998-жылы Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтуна тапшырып, 2003-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Кесиби - журналист.
2003-жылдын сентябрь айында “Кылмыш жана жаза” гезитине кабарчылык кызматына кабыл алынып, эки жылдан соң аталган гезитке жооптуу редактор болуп дайындалган. Аталган редакцияда жооптуу редактордук кызматта 2007-жылдын февраль айына чейин эмгектенген.
2007-жылдын март айында “Супер-Инфо” гезитине кабарчылык кызматка кабыл алынган. 2008-жылдын июнь айынан тартып аталган гезитке башкы редактор, бир нече жылдан кийин директорлук кызматка дайындалып, 2020-жылдын август айына чейин иштеп келген.
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоодо “Социал-демократтар” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына тизмеде алдыңкы жыйырмалыкта талапкер болуп, “Социал-демократтар” саясий партиясынын басма сөз кызматын жетектеген.
2011-жылы Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.