Эстрада ырчысы Нурмат Садыров бүгүн, 19-октябрда 32 жашын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, учурда карылар үйүнө тамак жеткирип бара жатканын билдирди.
"Сааттын жебеси 12ни каккандан кийин бир туугандарым туулган күнүм менен куттуктап келишти. Кечинде досторум менен белгилейм.
Туулган күнүмдө жетим балдарга жолугуп, аларга жакшы маанай тартууласам деген оюм бар болчу. Тилекке каршы, эпидемиологиялык абалдан улам балдар үйүнө барууга уруксат беришкен жок. Карылар үйүнө байланышсам макул болушту. Чыгармачылыктагы досторум менен биргеликте өз колубуз менен тамак даярдап, азыр алып баратабыз", - деди ал.
Ырчы 1988-жылы 19-октябрда Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.