Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Шабданбаев Канат Кеңешович дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Канат Шабданбаев 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билимдин ээси.
- 2019-жылы ардагерлер арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси;
- Ардагерлер күрөш федерациясынын президенти;
- Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, спорттун "Кулатуу" түрү боюнча чебери;
- Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын ардагерлеринин арасында чемпиону;
- Дене тарбия жана спорттун отличниги.
Эмгек жолу:
- 2006-2007-жылы Ички иштер министрлигинин ички аскерлигинде ыкчам кызматында;
- 2007-2014-жылдары "ЕвроСтройКонтракт" ЖЧКсынын директору;
- 2014-2017-жылдары "Марат жана Партнёрлор" компаниясында юрист;
- 2017-2020-жылдары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Спорт объекттерин башкаруу жана спортту колдоо" мамлекеттик мекемесинин директору.