Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Буга чейин бул кызматты Алмаз Бакетаев аркалап келген.

Өмүр баяны.

Нариман Түлеев 1963-жылы 24-декабрында Бишкек шаарында туулган. 1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

Ал эмгек жолун 1985-жылы Нарын МККсында мастер болуудан баштаган. 1986-1990-жылдары КР ЛКСЖсынын Тянь-Шань районунунда комсомолдук иште, Кыргыз ЛКСЖсынын Ысык-көл ОКсында, ВЛКСМдин Оренбург ОКсында иштеген.

1990-2001-жылдары жеке ишкананы жетектеген. 2001-2005-жылдары башкы инженер “Темир” мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген. 2005-жылдан 2008-жылдын июлуна чейин “Кыргызтемиржолу” “Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасын жетектеген.

2008-жылы шаардык кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясында Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги бир добуштан кабыл алынган.

2010-жылы “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан