Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Бишкек шаарында милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү Октябрь РИИБине С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү кечки саат 22:00 чамасында Максим Горький көчөсүнөн ага карата күч колдонуп, 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тартып алууга аракет кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү жазылган.

"Бул факт Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (тоноо) жана денесинен алган жаракаттары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алып, медициналык жардам алган. Ага ылайык, шектүүлөрдүн аракетине кошумча укуктук баа берүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында 2002-жылы туулган Б.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда шектүү адамдардын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан