Москвада федералдык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык бир катар басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Моквадагы метролордун биринде санитардык нормаларды сактоого рейд жүрүп жаткан учурда контролёр жаш жигит кол кабы жок кирип келгенин байкап калат. Андан соң аны текшерүүгө алганда жанында эч кандай документтери болбогону аныкталат. Ал Н.Ч аттуу Кыргыз жараны болгону айтылууда. Ошондой эле ал унаа уурдаганы үчүн издөөдө жүргөн.